www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков чукул арада кызматынан кетээри сөз болууда. Маселе чечилип калыптыр дешти жогору жактан. Учурда министр болом дегендердин түн уйкусу бузулуп чуркап жаткан кездери экен.

Чынында Аскарбек Жаныбековдун иштен кеткени туура эле чечим болот. Эки жылдан бери дээрлик эч нерсе жасаган жок. Жалаң сын укту. Кулагы деле бышып бүттү ачуу пикирлерге. Бирок, териси калың окшойт тоготуп койбоду.

Министр болуп турганда жалаң эле өзүнүн мал фермасына көңүл буруп, өлкөнүн айыл-чарбасы каралбай калганы боюнча көп сөздөр айтылып келди.

Бир миллиард сомдук жер семирткич селитранын мөөнөтү өтүп кетип, бюджетке ири өлчөмдө зыян келгенин, бирок Аскарбек Жаныбеков жоопкерчилик тартпаганы да эчен ирээт жазылды көрүнөт. Деги башым деген жок.

Айыл чарба тармагын көтөрүү үчүн дыйканчылыкка, мал чарбасына делип бөлүнгөн миллиардаган жеңилдетилген насыя дагы өз дарегине жетпей, тааныш-билиштик менен ортодон мурдагы эле шумпайлар бөлүп алып жатышканы Жогорку Кеңештин депутаттарына чейин айтып чыгышты. Жаныбековдун кылы кыйшайбай койгон.

Эми да кеч эмес. Иштен эле албастан, ишмердүүлүгүн тыкыр иликтесе далай былыктары булайып чыккам. Жоопкерчилик маселесин дагы кароо абзел.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости