www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековго ичи чыкпай нааразы болгондор арбын. Министр болуп келгенде айыл чарбасын көтөрүүгө бөлүндү делген 24 миллиард сом кайда сарпталды эч ким билбейт. Бир миллиард сомго жер семирткич алышып, анын мөөнөтү өтүп кетип жараксыз болуп калып, бюджетке ири өлчөмдө зыян келди. Министр жоопкерчилик тартышы керек эле. Башым деген жок.
Мына өткөн жумада парламентте доклад жасады. Эмне иш бүткөнүн эч ким деле түшүнгөн жок. Буту талып кеттиби, же бели ооруп чыдабай калдыбы, жалакайлыгын ушундан бил, суроолорго отуруп жооп берейин деп, бир орунга тура албай тыбырчылап жиберди.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев: "Эки саатта бутуңуз талып тура албай калсаңыз, келечекте кантип премьер-министр болосуз, чыдаңыз. Мурунку өкмөт башчылар 4-5 саат турушчу", - деп мотивация берди.
Сыягы, Шакиевдин көзүнө Жаныбеков премьер-министрликке талапкерлигин коюп, программасы менен тааныштырып жаткандай көрүндү окшойт.
Булак: NazarNews.kg