www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда туура эмес токтотулган автоунааларды эвакуациялоо жана айып короолорунда сактоо тартибин жаңылоо сунушталууда.
ИИМ тиешелүү токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документке ылайык, темир жолго, көпүрөгө, тоннелге жана жөө адамдар өтүүчү жерге токтотулган, ошондой эле коомдук транспорттун, атайын жана коммуналдык техниканын жүрүшүнө тоскоол болгон унаалар эвакуацияланат.
Мындан тышкары, майыптыгы бар адамдар үчүн белгиленген унаа токтотуучу жайларды, тротуарларды жана пандустарды ээлеген автоунааларга да чара көрүү сунушталууда.
Ошондой эле айдоочу мас абалында же тиешелүү документтери жок унаа башкарган учурда, мамлекеттик номери жок же жасалма номер менен жүргөндө, ошондой эле төлөнбөгөн айып пулдардын суммасы 30 эсептик көрсөткүчтөн ашканда автоунааны айып короосуна киргизүү каралган.
ИИМ айып короолорунда көп жылдан бери турган унаалардын маселесин чечүүнү да сунуштоодо.
Учурда ал жерде 588 автоунаа бар. Айрым унаалар 1997-жылдан бери айып короолорунда турат.
Долбоорго ылайык, көп жылдар бою талап кылынбаган унааларды мамлекеттик операторго өткөрүп, андан кийин утилдештирүү сунушталууда.