www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Дональд Трамп 10-сентябрда Иран менен болгон жаңжал АКШ Конгрессиндеги шайлоодон кийин аякташы мүмкүн экенин билдирди.

Трамптын айтымында, Тегеран анын кызматтан кетишине кызыкдар, анткени шайлоодон кийин Вашингтондун саясаты өзгөрүп, демократтар Иранга жеңилдик бериши мүмкүн деп эсептейт. Ошол эле учурда АКШнын негизги максаты — Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөө экенин белгиледи.

Трамп мурдагы президент Барак Обаманын тушунда түзүлгөн Ирандын өзөктүк келишимин да кайрадан сынга алып, аны Ирандын өзөктүк курал жасоосуна алып баруучу жол деп атады.

Ошондой эле ал Ирандын экономикалык абалы оор бойдон калганын айтып, АКШ Ормуз кысыгындагы кырдаалды көзөмөлдөп жатканын билдирди. Анын сөзүнө караганда, АКШ түн ичинде кысыктан 22 мунай ташуучу кемени чыгарган.

Последние новости