www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарынын Катта-Терек участкасында Ак-Буура дарыясынан (Өзбекстандын чек арасына 500м жетпей жеринде) ӨКМдин куткаруучусу Алтынбек Исабеков тарабынан саат 11:30да аял кишинин сөөгү табылды.

Эскерте кетсек, 14-июль күнү саат 14:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен Төлөйкөн айылында жана Озгур айылынын Борубай-Ата эс алуучу жайында сел жүрүп, Төлөйкөн айылындагы «Мөл-Булак» эс алуу борборунда 4 адамды сел суусу агызгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Алдын ала маалымат боюнча, алар бир үй-бүлө мүчөлөрү: Д.Н. 1980-жылы туулган (аял киши), кыздары М. 2005-жылы туулган, М. 2014-жылы туулган, С. 2018-жылы туулган. Жеринде ӨКМдин куткаруучулары издөө-куткаруу ишин жүргүзүүдө. Мындан сырткары 500дөй адам коопсуз жайга эвакуацияланды.

Аталган кыздардын бири Өзбекстандын аймагында табылганы кабарлаган.

Последние новости