www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ак үй шыбырт. Тараза ташы Ташиевге оодубу?

Коомчулукта президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин ортосундагы достук мамилеге жарака кетип, таасир талашкан тиреш жүрүп жатканы көп талкууланып келет. 

Бул жагдай акыркы учурда ачык эле айтыла баштады. Кийинки кездери мамлекеттик маанилүү иш-чаралар болгондо ар дайым президент Садыр Жапаровдун жанында жүрчү Камчыбек Ташиев такыр көрүнбөй калды. Мына кечээги эле аянтта окулган айт намазына президент Садыр Жапаров Кабмин төрагасы Акылбек Жапаров менен келди. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев көрүнгөн жок. Бул көрүнүш дагы көз жаздымда калбай, күбүр-шыбырга жем таштады. 

Негизи эле экөөнүн мамилесинин сууп кеткени, кадр маселесинен, өзгөчө күч органдарынын ортосундагы тирештин күч алышынан байкалды.

Башкача айтканда, Башкы прокуратура менен УКМКнын, ИИМ менен УКМКнын ортосунда бири-биринин кызматкерлерин ар кандай кылмыштуу иштерге байланыштуу кармап, камакка алуунун күч алышы, маселе кыйла тереңдеп кеткенин билдирет. 

Мындан улам, Ташиевдин арыгын чаап, коңгуроосун каккан "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын депутаты Жеңиш Токторбаев буга дейре Башкы прокуратурадан тергөө кызматын алуу маселесин демилгелеп жиберди эле, эми ошол көрүнүш ишке ашканы калды. 

Сыягы, Ташиев тарап өз мүдөөсүнө жеткени калды көрүнөт. Анткени, президент тарапты жактаган тараптардан УКМК монстр болуп алды, андан тергөө кызматын алуу керек, ошондой эле Башкы прокуратурадан, ИИМден дагы тергөөнү алып, күч органдарынын ортосундагы тең салмактуулукту сактоо үчүн көз карандысыз Мамлекеттик тергөө комитетин түзүү зарылдыгы боюнча көтөрүлүп келген сунуштар, суу кечпей калды өңдөнөт. 

Ырасында, Тергөө комитетин түзүү боюнча президент тараптан демилге көтөрүлүп жатканын, мындай саясий чечим кабыл алынса колдой турганын, прокуратурадан тергөөнү өткөрүп берүүгө даяр экендиктерин Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңеште жылдык отчётун берип жатканда айткан. 

Анан эле негедир маселе башка жакка өзгөрүп, Президенттин администрациясы Башкы прокуратурадан тергөө укугун алып аны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Ички иштер министрлигине (ИИМ) берүүнү сунуштаган мыйзам долбоору 20-апрелде коомдук талкууга коюлганына көпчүлүк түшүнбөй турат. Айрымдар бул жагдайды Камчыбек Ташиевдин жеңиши катары сыпатташууда. 

Эске сала кетсек, 2019-жылы сот-укук реформасынын алкагында жаңы кодекс ишке кирип, анда Башкы прокуратурадан тергөө жүргүзүү функциясы алынган. Анан 2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин келген бийлик ал кодекстерге өзгөртүү киргизип, 2021-жылы Башкы прокуратурада атайын тергөө башкармалыгы кайра түзүлгөн.

Ушул тапта Кыргызстанда Ички иштер министрлигинде, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте жана Башкы прокуратурада тергөө жүргүзүү укугу бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости