www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ак-Ордо-3 конушунда жер чырынан улам үйү түрттүрүлүп, балдары менен көчөдө калган келин тууралуу видео тарап, резонанс жараткан. Президент Садыр Жапаров 5-мартта Ак-Ордо конушуна пландан тышкары барып, балдары менен барар жери жок калган үй-бүлө менен жолуккан. Учурда Марал Шараболотованын эски үйүнүн ордуна жаңы үй курулуп, курулуштун чыгымдарын президент көтөрүп жатканы тууралуу социалдык тармакта сөз жүрүп жатат. Садыр Жапаров бул тууралуу “Кабар” агенттигине комментарий берген.

“Калп. Мен барып көрүп кеткенден кийин "Соттогу маселелери чечилигенче көп кабаттуу үйлөрдөн убактылуу батир таап, бала-чакасы менен киризип тургула" деп кызматкерлерге буйрук берип кеткем. Эртеси күнү "Ас-Сафа" фондунун өкүлдөрү "Соопчулук үчүн ошол эле жерге биз үй салып берели, уруксат бериңиз" деп кайрылышкан экен. "Кудай жалгасын" дедим. Кудайдын улуу Рамазан күндөрүндө сооп табалы деп "Ас-Сафа" фонду салып берип жатат. Бирөөнүн эмгегин, сооп иштерин менчиктеп алганыбыз туура эмес. Мен салып берип жаткан жокмун. Жөн гана себепкер болдум”,— деди ал.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости