www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ак-Сайдагы абал боюнча сүйлөшүү 19-апрелде уланат

Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Ак-Сай айыл аймагындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын айланасында чыккан чыр боюнча тараптардын сүйлөшүүсү 19-апрелде, дүйшөмбү күнү уланмай болду. Бул маалыматты өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова билдирди.

17-апрелде аталган суу бөлүштүрүүчү жайда Баткен райондук суу чарба ишканасынын кызматкерлери оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жаткан кезде Тажикстандын чек арачылары келип, ишти токтотууну талап кылышкан.

Окуя болгон жерге чектеш Баткен жана Исфара райондорунун башчылары барып, сүйлөшүү жүргүзүштү. Ошондой эле облус башчысы Өмүрбек Суваналиев менен күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да барышты.

Облус бийлиги билдиргендей, оңдоп-түзөө жумуштарынын негизги бөлүгү аяктады, тажик тараптын бул ишти бирге жасоо тууралуу талабына кыргыз тарап макул болгон эмес.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы билдиргендей, чыр Баткен облустук суу чарба ишканасынын кызматкерлери менен Тажикстандын Согд облусунун Кожалы айылынын тургундарынын ортосунда чыккан. Кыргыз тарап “Головной” деп аталган суу тосмосунда тазалоо иштерин жүргүзүп жатканда тажик жарандары бул иш биргеликте жасалышы керектигин айтышкан. Эки тарап айтыша кетип, Тажикстан жарандары суу тосмосунун жумушчуларына таш ыргытышкан.

Атайын кызмат “Күч органдарынын, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү тез арада Тажикстандын Исфара шаарынын мэри менен жолугушуу өткөрүп, натыйжада “Головнойдогу” иштерди токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алышты. Кыргыз тараптан жабыркагандар жок. Окуя учурунда курал колдонулган жок” деп билдирген.

УКМК “Головнойдун” жанындагы Кыргызстанга таандык жерди кыргыз аскерлери кайтарарын, бул объект Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ички аскерлеринин күзөтүүсүндө экенин белгиледи.

Кыргызстан менен Тажикстан 970 чакырымдай чектешет, анын 519 чакырымы эки тараптуу такталган.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости