www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда социалдык жана инфраструктуралык маанидеги 31 объектте курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда маданий борбор, спорт комплекси, музыкалык мектеп, Ак-Талаа ГЭСи, үч мектеп, үч бала бакча жана күч түзүмдөрүнө тиешелүү төрт объект курулууда.

Мындан тышкары, үч объектте капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле Нарын–Баетов жана Баетов–Макмал унаа жолдорунун жалпы 10 чакырымында, ошондой эле Ак-Тал–Чат–Казарман жолунун 5 чакырым тилкесинде капиталдык оңдоо иштери аткарылууда.

Жүргүзүлүп жаткан иштер райондогу социалдык объектилердин инфраструктурасын жакшыртууга жана транспорттук байланышты өнүктүрүүгө багытталган.

Последние новости