www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын кызматкерлери арасында дене тарбияны өнүктүрүүгө жана сергек жашоо образын жайылтууга багытталган Спартакиаданын биринчи этабы өттү.

Мелдештин алкагында кызматкерлер футбол, волейбол, гиря көтөрүү, аркан тартыш, шахмат, тогуз коргоол, стол тенниси жана бильярд боюнча күч сынашты.

Спартакиадага прокуратура органдарынын ар кандай бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышып, спорттук даярдыгы менен катар командалык ынтымакты, өз ара колдоону жана биргелешип максатка жетүүгө болгон аракетин көрсөтүштү.

Уюштуруучулардын айтымында, спорттук иш-чара кызматкерлердин ден соолугун чыңдоого, сергек жашоо образын жайылтууга жана жамааттардын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган.

Мындан тышкары, Спартакиада прокуратура органдарында корпоративдик маданиятты өнүктүрүүгө жана командалык духту көтөрүүгө өбөлгө түзөт.

Последние новости