www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунда жол эрежесин бузуп, карама-каршы тилкеге чыккан эки айдоочуга 15 миң сомдон айып пул салынды.

Маалыматка ылайык, оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары карама-каршы тилкеге чыгып, башка унаалардын кыймылына тоскоолдук жаратып, жол кырсыгына себеп болуучу кооптуу кырдаал түзүшкөн.

Окуя Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан катталган.

Эреже бузган эки айдоочуга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 188-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык протокол түзүлүп, ар бирине 15 миң сомдон айып пул салынды.

Мындан тышкары, айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин сактоо жана коопсуз айдоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Последние новости