www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 30-июнда Ак үйдүн алдында митинг өтүп жатат. Чогулгандар сөз эркиндиги үчүн чыгышканын айтышты.
Митингге чыккандар депутат Гүлшат Асылбаева демилгелеп жаткан «Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзам долбооруна каршы чыгып жатышат.
Жарандык активист Рита Карасартованын айтымында, аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынын күн тартибине кирген жок.
«Бирок Жогорку Кеңеш өзүнүн иштөө мөөнөтүн жылдырып, бул мыйзамды жакынкы 2 жумада кабыл алат деген божомолубуз бар», - деди ал.
Карасартова ушундай митинг өткөн жылы дагы болуп келгенин белгиледи. Ал кезде мыйзам долбоору «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» деп аталчу.
«Бул фейктер менен күрөшүү эмес, бул сөз эркиндиги менен күрөшүү», - деди Карасартова.
Булак: NazarNews.kg