www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Афганистандан армиясын алып чыгып кеткенден кийин өлкөдө абал кандай багытта өнүгөрү тууралуу 2 ача пикир бар. Бул тууралуу серепчи Аскар Бешимов билдирди.

Анын айтымында, биринчи божомол боюнча, 1989-жылы болгон окуя кайталанышы мүмкүн. Куралдуу күчтөр чыгып кеткенде Афганистандагы уруулар ич ара бийлик талашып атып, жарандык согуш тутанып, өздөрү менен өздөрү болуп, башка мамлекеттерге коркунуч келтирбейт.

Экинчи божомол боюнча, «Талибан» кыска мөөнөттө, 3-6 ай ичинде Афганистандагы бийликтин 70%ын өзүнө алат.

«Афганистанда колуна автомат кармагандан башканы билбеген 2 муун өсүп чыкканын баарыбыз билебиз. Алар же айыл чарба менен алектенип, же бирдеме куруп, тынч жашоону билбейт. Алардын саны 200 миңдей. «Талибан» бийликти колуна алгандан кийин аларды багыш үчүн сөзсүз түрдө Борбордук Азияга кол салат деген 2-пикир бар», — дейт Аскар Бешимов.

Коркунуч биринчи кезекте чек аралаш мамлекеттерге жаралат. Булар: Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан. Эгер Тажикстанда согуш болсо, анда ал Кыргызстанга да келиши мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости