www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абаддын Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунда сугат суу маселеси чечилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.



Ага ылайык, Жалал-Абаддын башчысы Абсаттар Сыргабаев Сузак районунун Атабеков айыл өкмөтүндөгү Жийде айылынан өткөн каналга барып, суунун көлөмүн көрдү. Учурда Кара-Дарыя каналынан Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорундагы эгин талааларына секундасына 50 куб метр суу агып жатат.

"Ага чейин, 28-июнь күнү, суу көйгөйү менен Базар-Коргон районуна караштуу Сейдикум айыл аймагындагы төрт айылдын эли өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнө келишкен эле. Бул жагдайды облус башчысы көзөмөлүнө алып, маселени кыска убакытта чечүү аракеттери көрүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, үч жылдан бери Кемпир-Абад суусунан Кара-Дарыя каналы аркылуу суу берүү токтоп, дыйкандар зыянын тартып келген. Бул маселени чечүү боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөт башчылары сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү айтылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости