www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акаев: 2005-жылдагы төңкөрүштү АКШ жасаган

2005-жылы Кыргызстандагы революцияны АКШ жасаган. Бул тууралуу Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев билдиргенин Orda.kz. басылмасы жазды.

Ал учурда казак тараптын чакыруусу менен Алматыда жүрөт. Аскар Акаевдин Казакстанга сапары 19-июндан 25-июнга чейин белгиленген. Акаев бир күн мурун Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин студенттери жана окутуучулары менен жолугушуп, лекция окуган.

20-июнда Акаевди АлмаУда тосуп алышты. Бул жерде ал экономиканы санариптештирүү тууралуу сөз кылды.

Андан соң, ал өткөнгө кайрылып, президент болуп турган күндөрүн эскерүүгө аргасыз болду.

Ал 1990-жылдары Кыргызстандын өнүгүү темпи жакшы болгонун, бирок көйгөйлөр 2000-жылдары пайда болгонун билдирди. Жана ал АКШны мамлекеттик төңкөрүш үчүн күнөөлүү деп эсептей турганын дагы бир жолу баса белгиледи.

«Мен бул тууралуу ачык айтып жатам, анткени АКШнын элчиси Янг мырза, айрыкча Грузия менен Украинадагы ыңкылаптардан кийин АКШ төңкөрүштөрдү уюштурганын ачык айтты. Балким мен кетип ката кетирдим. Көптөр бул жерде калыш керек эле дешет. Бирок кан төгүү даярдалып жатканын билгендиктен, атымды кан төгүү менен байланыштырбайм деп өлкөдөн кетүүнү чечтим жана буга өкүнбөйм», - деди Акаев.

Акаев Казакстандын азыркы абалын да кыйгап өткөн жок. Ал президент Касым-Жомарт Токаевди көрүнүктүү дипломат деп атап, анын экономиканы реформалоо жана маалымат индустриясын өнүктүрүү боюнча чечимин сыйлап, колдоорун билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости