www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда өткөн жумада экстремизм айыбы менен кармалган Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы кызматкери, 72 жаштагы Мамадсултон Мавлоназаров (Мухаммади Султон) Душанбе шаарындагы тергөө абагында экени белгилүү болду. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.

"19-июнда анын Душанбе шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө абагында отурганын билдик. Ошол эле күнү ага эки жолу тамак киргиздик, бирок азырынча жолугууга уруксат беришкен жок. Анын абалы кандай экенин жана адвокат менен камсыз болгон-болбогонун билбейбиз", – деди генералдын жакындарынын бири.

Мавлоназаров 16-июнда өз үйүндө кармалгандан бери анын кайсыл жерде экени белгисиз болуп жаткан. Душанбе шаардык прокуратурасы менен ички иштер башкармалыгы Мавлоназаровдун кармалышы жана кылмыш ишинин козголушу боюнча комментарий берүүдөн баш тартышкан.

Мамадсултон Мавлоназаров буга чейин соцтармактарда тажик бийлигин сындап келген. "Фейсбуктагы" баракчасына апрелде аны милиция кызматкерлери кармап, суракка алууга аракет кылышканын жазган.

Мавлоназаров 70-жылдары "Комсомоли Точикистон" гезитинде кабарчы болуп иштеп, кийин Тажикстандын Улуттук коопсузук комитетине ишке кирген.

Учурда ал пенсияда. Мавлоназаров үйүндө тинтүү жүргөндөн кийин "Фейсбуктагы" баракчасына пост жазып, Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Саймумин Ятимовду сынга алган.

Ал: "Академик С.Ятимовдун кызматкерлери адам укуктарынын бардык нормаларын тебелеп, "каармандык" менен ачык жана соттон тышкары куугунтуктоо жүргүзүп, 37-жылдарды жана Бериянын убагын эске салууда", - деп жазган.

Мавлоназаров мурдараак Тоолуу Бадахшандагы окуялар үчүн бийликти күнөөлөгөн билдирүү да калтырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости