www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европалыктар газ жеткирүү үчүн оңдолуп жаткан турбиналарды Орусияга бербей жатат. Бул адам колу менен жасалган кризис. РФтин газы бар жана жеткирүүгө даяр. Бул тууралуу Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.

"Орусия ишенимдүү жеткирүүчү бойдон калат. Технологиялык көз караш менен алып караганда, бул куурлардын механикалык инфраструктурасы Европа биримдиги киргизген санкциялардын айынан жабыркоодо. Турбиналарга капиталдык ремонт жасалышы керектиги баарыбызга белгилүү. Кайсы бир куурлар ордуна кайтарылбай жатат, башкача айтканда, европалыктар ордуна койбой жатат. Так ушул себептен улам сордуруу иштери токтоп калды. Кризис Европа биримдигинин колу менен жасалды", — деди Песков.

Ал ошондой эле Орусияда газ бар экенин жана өлкө аны жеткирүүгө даяр турганын белгиледи.

"Бирок европалыктар алган милдеттемесине ылайык ошол темирди оңдоп бериши керек", — деди Песков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости