www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусунда 22 жаштагы бала карындашын коргоого аракет кылганы үчүн катуу сабалган. Бул тууралуу акыйкатчы Атыр Абдрахматова билдирди.

Анын айтымында, топ бала жабырлануучуну арматура менен сабашкан. Ал үч жумадан ашык ар кандай ооруканаларда жатып, дарыгерлер жеңил дене жаракаттары боюнча корутунду чыгарышкан.

«Буга чейин Акыйкатчы институтуна жабырлануучунун апасы кайрылган. Окуя Нарын районунун Кызыл-Жылдыз айылында апрель айында болгон. Аталган жабырлануучунун апасынын айтымында, кошунасы түн ичинде алардын үйүнө кирип келип, жашы жете элек кызын көргүсү келген. Аны көргөн улуу баласы урушуп, кетирип жиберген. Бир канча убакыттан кийин кошунасы дагы келип, уулун үйдөн чакырып, достору менен чогуу арматура менен сабап салышкан. Жабырлануучунун апасы милицияга кайрылган, бирок шектүүлөр жашы жете элек болгондуктан алар кармалган эмес. Жабырлануучуну сабаган жигиттердин ата-энелери балдарына эч нерсе болбойт деп жатышат», - дейт Атыр Абдрахматова.

Абдрахматова сабалган адамдын абалы дагы деле оор болгондуктан, бул иш боюнча кошумча экспертиза жүргүзүү зарыл экенин белгиледи.

«Мурдагы экспертизанын ден соолугуна анча оор эмес зыян келтиргенин көрсөткөн жыйынтыгы чындыкка дал келбейт. Жигит дагы деле ооруканада. Акыйкатчы институтунун кызматкери райондун прокурору менен жолугуп, комплекстүү комиссиялык экспертиза жүргүзүү зарылдыгы тууралуу жүйөлөрүн айтты. Сабалган адам башынан оор жаракат алган», - деп кошумчалады Атыр Абдрахматова.

 

Последние новости