www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев жергиликтүү Ютуб каналдардын бирине интервью берип жатып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тууралуу пикирин айтты.

Ал депутат Рыскелди Момбеков экөө Атамбаевден кабар алып, баарлашып чыкканын жана Атамбаев чынында ооруп турганын айткан. Ошондой эле депутаттар арасында Атамбаев менен тымызын жолугушкандар көп экенин ачыктаган.

- Мен Атамбаевди эч качан саткан эмесмин. Ал киши бийликте турганда журналисттерди, Аида Салянованы соттоп жаткан учурда бөлмөсүнө кирип да, коом алдында да «туура эмес кылып жатасыз» деп айткам. Пикир келишпестиктер болгон.

Биз Рыскелди Момбеков экөөбүз барып, шашпай сүйлөшүп отурганда, убагында өзүнүн кетирген көптөгөн катачылыктарын моюндап, анын ичинде мени фракциядан чыгаруу да кандайдыр бир деңгээлде куугунтук болгонун, ошол убакта КСДПдан катачылык кеткенин айтты.

Бизге билинбей көпчүлүк депутаттар барып жолугушат экен. Азыркы иштешип жаткандардын көпчүлүгү барат экен, тымызын тамак киргизишет экен. Анткени Атамбаевдин баары бир саясий күчү бар.

Бир нерсени моюнга алышыбыз керек, Атамбаевдин тушунда Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу, чыр менен болсо да Бишкек ЖЭБинин көпчүлүк бөлүгүнүн реконструкция болгону, Датка-Кемин көмөкчордону сыяктуу чоң долбоорлор башталып, айрымдары бүткөн. Карыз да болдук, бирок гранттар да келген.

Жогорку Кеңештин 10-марттагы отурумунда депутаттар Жанар Акаев менен Бакыт Төрөбаев айтыш кеткен. Анда «Жаңы Конституцияны кабыл алуу үчүн референдум дайындоо жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости