www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр Улукбек Марипов башкаларга үлгү болуп, коронавируска каршы вакцина алууну каалаган. Бирок аны дарыгерлер токтотуп койгонун Sputnik агенттигине саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, Мариповдо жогорку деңгээлдеги (4,5-5 көрсөткүчтөгү) антитело бар экени аныкталган.

«Өкмөт башчы жайында ооруган. Андыктан азыр вакцина алуунун зарылдыгы жок. Ал башкаларга үлгү болгусу келген, бирок дарыгерлер токтотуп койду», - деди министр.

Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаровго дагы коронавирус инфекциясына каршы вакцина сайдыруунун кажети жок экени айтылган. Бейшеналиевдин айтымында, Жапаров ооруп айыккан, мындан улам 9-9,5 көрсөткүчүндөгү антителосу бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости