www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаровдун Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу эл менен жолугушуусуна Жогорку Кеңештеги фракция лидерлери, айрым комитеттин төрагалары дагы катышты.

Парламенттеги "Альянс" фракциясынын лидери, депутат Жанарбек Акаев "Азаттыкка" билдиргендей, элдин суроолоруна президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жооп берди.

"Жолугушуу эмоционалдуу абалда өттү. Кемпир-Абад боюнча Өзгөндүн тургундары президентке өтө ачуу суроолорду берди. Алар бир метр дагы жерибиз башкаларга кеткен жок деп жооп беришти. Тескерисинче, 1965-жылы картада Өзбекстанга карап калган учурлар бар. Ошол жерлердин баары сүйлөшүү жолу менен, утуш менен чыктык деп айтылды. Эми ратификацияга келсек, бардык документтерди карап көрөбүз. Азыр биз дагы ак же көк деп айта албайбыз. Анткени колубузда бир дагы кагаз жок. Бирок жалпы алганда мен дагы чек ара маселеси чечилиш керек деген ойдомун. Анткени буга чейинки бийликтегилердин баары сүйлөшүүлөр, делимитация, демаркация иштери болуп атат деп убакыт созулуп, анан алар бийликтен кетишкен. Ошол эле убакта депутаттардын талабы - жерибиз, суубуз, өзгөчө Кемпир-Абад эч кандай башка өлкөгө берилбеши керек. Расмий бийлик суу дагы, жер дагы биздики деп айтты", - деди Акаев.

Эл өкүлү парламентте бул маселе ийне-жибине чейин карала турганын кошумчалады.

Жолугушууга катышкан "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып "Кемпир-Абад" суу сактагычы Өзбекстанга өткөнүн билдирди.

"Кемпир-Абад кетти. Ошондой болуп 4000 гектардан ашыгыраак жер кетти. Биз компенсациясын 1965-жылы алганбыз дейт. Ошондуктан мындай жыйын ачык-айкын өткөндө жакшы болмок. Тилекке каршы мындай жыйындарды кандай өткөрүшөрүн билесиңер да", - деди Мадумаров.

Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу Өзбекстан менен болгон келишим тууралуу расмий маалымат бериле элек.

Президенттин басма сөз кызматы жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат бере элек.

Белгилей кетсек, бүгүн, 4-октябрда президент Садыр Жапаров райадминистрациянын имаратында Ош облусунун Өзгөн районунун тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Маалым болгондой, айрым жарандар акцияга чыгып, ал жерде бардык жергиликтүү тургундар менен ачык жолугушууну талап кылышкан. Ошондой эле Кемпир-Абад суу сактагычын Кыргызстандын карамагында калтырууну жактап чыгышты.

Сентябрдын аягында Ош облусунун Өзгөн районунда нааразылык акциясы өтүп, анда жергиликтүү тургундар Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине нааразычылыктарын билдиришип, президенттен соңку протокол боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылышкан.

Буга чейин Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегациялары кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча протоколго кол коюшканы маалымдалган, анда чек аранын айрым бөлүктөрү боюнча жаңы макулдашуунун долбоорун макулдашуу жол-жобосун баштоого мүмкүндүк берет.

Үстүбүздөгү жылдын март айында Ташкентте өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев суу сактагычтын дамбасы толугу менен өзбек тараптын көзөмөлүндө болорун, бирок тараптар суу ресурстарын биргелешип пайдалана турганын билдирген. Бул билдирүүлөр бийликтин чечимине каршы бир катар нааразылык акциялары менен коштолду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости