www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
MCN Coin уюштуруучуларынын бири Исрадин Субанбеков баары алдамчылык экенин, элден алынган акчаны кайтарып бере албай турганын билдирген видео УТРКнын эфиринен берилди.
Субанбековдун айтымында, МСN Coin криптовалютасынын иштегенине 1,5 жыл болгон. Өзүнүн туруктуу блокчейни жок, эптеп эле биржага кирип кеткен.
"Өзүбүздүн кызыкчылык үчүн иштеп, элиталык үй, Lexus 570 машина алдым, жалпы жонунан 2,5 миллион доллар пайда таптым. Жети облусту кыдырып, мыйзамсыз иштедик. Азыр элдин акчасын кайтарып бере албайбыз. Промоушендардын баарын калп айтып уюштурганбыз. Мунун баары алдамчылык болчу. Жалпы кыргыз элинен кечирим сурайм", — деди Субанбеков.
Ал ошондой эле криптовалютаны үч адам түзүп, Финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын мурунку жетекчиси Юруслан Тойчубеков аларга кеп-кеңешин берип тургандыгын билдирген.
Эскерте кетсек, буга чейин MCN Coin виртуалдык активи мамлекеттик каттоодон өткөн эмес жана Кыргызстанда уруксат берилген виртуалдык активдердин реестринде да жок экенин Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы билдирген.