www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Эл аралык кылмыш сотуна санкция киргизди

АКШнын президенти Дональд Трамп Эл аралык кылмыш сотуна санкция киргизген жарлыкка кол коюп, ал АКШны жана ага жакын тарапташтарды, биринчи кезекте Израилди мыйзамсыз куугунтуктап жатат деп айыптады.

Документте америкалыктарга же алардын тарапташтарына, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө карата иликтөөлөргө катышкан адамдарга каржы жана виза санкциялары киргизилери айтылат.

Трамптын бул кадамы өткөн жумада АКШ Сенатынын демократтары республикачылардын Эл аралык кылмыш сотунун Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньягу жана мурдагы коргоо министри Йоав Галантты камакка алуу боюнча ордерлеринен улам ага нааразылык катары санкция киргизүү аракетин токтоткондон кийин жасалды.

Нетаньягу учурда Вашингтондо иш сапары менен жүрөт.

Эл аралык кылмыш соту Вашингтондун санкциясын «мыйзамдын үстөмдүгүнө кийлигишүү аракети» деп билдирди.

Эл аралык кылмыш соту 2002-жылы негизделген. 120дан ашуун өлкө Эл аралык кылмыш сотунун укуктук негизи болгон Рим статутун ратификациялап, дагы 34 өлкө кол коюп, келечекте ратификациялай алышат.

АКШ да, Израил. да Рим статутунун катышуучусу эмес.

2023-жылдын март айында Эл аралык кылмыш соту Россиянын президенти Владимир Путинге жана балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Мария Львова-Беловага Украинадагы согуш аракеттери учурундагы кылмыштарга шектеп, камакка алуу ордерин чыгарган.

Буга Москва чечимди юридикалык жактан жараксыз деп атап, жооп берген.

Россия Эл аралык кылмыш сотун тааныбайт жана Рим статутун ратификациялаган эмес.

Последние новости