www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Негизи динге ашкере берилген адамдарды саясатка, дээрлик мамлекеттик кызматтарга жолотпош керек! Алар мечиттерде зикир чалып отурушсун! Биздин мамлекет светтик экенин унутпайлы - Конституцияда бадырайып жазылып турат.

Тилекке каршы, дааватчылар саясатка аралашып, өздөрүнүн диний көз караштарын коомчулукка таңуулап жаткан кербездери. Маселен, Аккулу Бердиев аттуу Жогорку Кеңештин депутаты сакалды бапыйта коюп алып, казинолордун ачылышына каршы сөз сүйлөп, тетири кеткенин кантебиз?

Экономикабыз ансыз да каржалып турганда, ушундай шарыятчылдардын акыл үйрөткөнү өттү. Казинолор ачылса жергиликтүү тургундардын кумар ойногонуна тыюу салынып, жалаң чет элдик туристтер киришет. Бул жааттан инвестиция тартууга өбөлгө түзүлөт эмеспи.

Казинолор ырааттуу иштеп баштаса, жылыга өлкө казынасына миллиарддаган сомдор түшөрү шексиз. Дал ушул пайдалуу жагын Аккулу, Төрөбайга окшогон «чала молдолор» качан түшүнүшөт? Мамлекеттин саясатына кийлигишпей эле тек жүрүшсө...

Булак: Азия News гезити

Последние новости