www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акматбек Келдибеков көп эле көйгөйлүү маселе көтөрүп келет. Анын бири  -мигранттар. Чет өлкөдө убактылуу жашап, иштеп, эптеп күн кечирип, бизди багып жаткан мигранттар боюнча кыска, нуска буларды айтты.

-- Мигранттар үчүн мамлекет эмне кылып берди?! Эчнерсе! Россияда бүгүнкү күндө 3-4миңдей мигрант түрмөдө дешет. Бөтөн мамлекеттерде биздин мигранттарды коргоо, тийиштүү шарттарды түзүү ж.б. маселелерди же Тышкы иштер министрлиги, же расмий өкмөт качандыр бир көтөрүп чыкканын укканыңар барбы?Бизди багып жаткан ошолор да? Туруктууөнүгүү деген программаны билесиңер, мен да карап окуп чыктым, 4 чакан заводду, Талды-Булак-Сол жээкти ишке киргизишиптир. Башка эч бириш жок. Талды-Булак-Сол жээк болсо, али продукция чыгара элек,аны бул жылыбы, кийинки жылгабы пландашууда. «Жерүйдө» биздин үлүш «Кыргызалтында» – 40 пайызды түзчү, 60 пайызы «Визор» деген казак компаниясына сатылып кеткен. А бүгүн ушул казак компаниясы ошол 60 пайыз үлүшү үчүн, ар кыл маалымат боюнча, 160тан 300 млн долларга чейин алган. Ал эми Кыргызстан 40%ынан ажырап, болгону 100 млн доллар алган. Бул алдамчылыкпы?!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости