www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Акнет» интернет компаниясынын мурдагы президенти Кубан Ажимудиновдун карыган профессор-атасы жана анын укукчулары менен жактоочулары кечээ күнү Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, компания рейдерлик басып алууга кантип дуушар болгонун айтып берсе, «Акнетти» басып алгандар митинг өткөрүп, Ажимудиновду каралады.

Бул митингге компаниянын кызматкерлери азыркы жетекчилеринин буйругу менен келгендей. Мурда дагы мындай каршылык митингдери атайылап уюштурулган. Ошол эле учурда, «Акнетти» басып алгандарды интервьюга же башка жолугушууга чакырсаң, алар эч качан келбейт. Коркот жана качат.

Бирок, аны менен катар, айрым маалымат каражаттары ачык талкуу жүргүзбөстөн, же бир журналисттик иликтөө жасагандын ордуна ушул рейдерлердин гана маалыматтын таратып, маселени ого бетер чаташтырып жатат. Мындай абалда сөз эркиндиги менен демократия дал ошол сөз эркиндиги менен демократияга каршы иштеп калууда.

Источник: NazarNews

Последние новости