www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда президенттик шайлоо өтөөрүнө бир аптадан азыраак убакыт калган маалда активисттер менен жарандык коом өкүлдөрү көзөмөлгө алынып, кысымдын ар түрдүү формасына кабылып жатканын билдирет.

Өзбекстан өкмөтү жыл башынан бери көз карандысыз оппозициялык партияларды каттоодо тоскоолдук жаратып, демилгечил топтордун лидердери кол салууга да жана кысымга кабылууда.

Июлда Өзбекстандын Укук министрлиги тиешелүү кол топтолгон эмес деген шылтоо менен көз карандысыз «Хакикат ва тараккиёт» партиясын каттоодон баш тарткан. Демократиялык «Эрк» партиясынын мүчөлөрү да кысымга алынган.

Талапкерлери шайлоого катыша турган беш партия, анын ичинде азыркы президент Шавкат Мирзиёевдин Либерал-демократиялык партиясы, 19-октябрда мамлекеттик телеканалда өздөрүнүн алгачкы дебатын өткөрдү. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо алдындагы дебатка эмне үчүн талапкерлер эмес, алардын ишенимдүү өкүлдөрү катышып жатканын түшүндүргөн жок.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) Өзбекстанда талапкерлер арасында атаандаштык байкалбаганын билдирет. Уюм - өкмөт шайлоочулардын укугун чектеп, өзбек бийлиги көз карандысыз талапкерлерди шайлоого катыштыруу жөнүндөгү чакырыктарга кулак төшөбөгөнүн белгиледи. Ага карабай, ЕККУ шайлоо алдында Ташкенге толук курамдагы байкоочуларын жөнөтүүнү чечти.

Буга чейин "Хьюман Райтс Уотч" (HRW) укук коргоо уюму Өзбекстандагы президенттик шайлоого талапкерлерди каттоого байланыштуу чектөөлөрдү сындап, өлкөдө адам укуктары багытында "артка чегинүүлөр" бар экенин билдирген.

Өзбекстанда президенттик шайлоо 24-октябрда өтөт. Анда экинчи президенттик мөөнөтү үчүн ат салышкан Мирзиёев жеңип чыгаары күтүлүп жатат. Мирзиёевден тышкары бийликти сындабаган дагы беш талапкер шайлоого катышууда.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости