www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кошмо Штаттар кедей мамлекеттер үчүн алдыдагы бир нече жума аралыгында Украинадан 150 миң тонна буудай сатып алат.

Ал Украинанын Кара деңиздеги портторунан дан экспорттоону жандандыруу келишиминин алкагында ишке ашат. Бул тууралуу Associated Press агенттигине БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын башчысы Дэвид Бизли билдирди.

“Америка Үнү” маалымдагандай, жеткирүү иштерин БУУнун ачкачылык менен күрөшү агенттиги колго алат. Агенттик буга чейин Афирканын түндүк-чыгыш контингентинин ачкачылык тооруган аймактарына дан жүктөлгөн кемелерди жөнөткөн. Бул сапар бериле турган жардам андан алты эсеге көп болот.

Соңку кездерде Афиркадагы Жибути, Сомали, Судан жана Эфиопия өлкөлөрү кургакчылыктан улам ачарчылыкка дуушар болду. Сомалиде тоюна тамак жебегендин кесепетинен миң киши өлдү. БУУнун маалыматына караганда, бул өлкөлөрдө 22 миллион киши ачка отурат.

Бизлинин айтымында, Украинадан чыккан кеме аймакка 23 миң тонна дан жеткирет. Бул 1,5 миллион кишини бир ай тамактандырууга жетет.

20-августта БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш өткөн айда Украинадан дан экспорттоо боюнча келишимдин жандандырылышы менен Киев 650 миң тонна дан сатууга үлгүргөнүн билдирген.

24-февралга чейин Орусия менен Украина дүйнөлүк рынокко экспорттолгон дандын үчтөн бир бөлүгүн камсыздап турган. Орусия мындан тышкары жер семирткич боюнча да ири экспортер болуп эсептелет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости