www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Тажикстанга коронавирус менен күрөшүү үчүн 1 млн. 690 миң доллар бөлөт. Бул тууралуу АКШ элчилиги билдирди.

АКШ элчилигинин билдирүүсүнө ылайык, өлкөнүн бул жардамы COVID-19 илдетине каршы күрөшүү үчүн тажик дарыгерлеринин заманбап лабораториялык жабдууларды алуусун, окуу жана диагностикалык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуусун камсыздайт.

Буга чейин, Америка Тажикстанга коронавирустун жайылышынын алдын алуу үчүн 866 миң доллар берген. Ошондой эле, Борбор Азиядагы USAID агенттиги дагы Тажикстанга коронавирус кризисин жеңүү үчүн 1 млн. доллар өлчөмүндө каржылык жардамын көрсөткөн. Жалпысынан АКШ өкмөтү акыркы 20 жылдын ичинде Тажикстадын Саламаттык сактоо тармагына 125 млн. доллар каражат бөлгөн.

Ага кошумча, акыркы айларда Тажикстанга коронавируска каршы күрөшүү үчүн Германия 1 млн. евро, Дүйнөлүк банк 11,3 млн. доллар, ЕБ 46 млн. евро, Орусия менен Кытай 20 миңден ашык тест, ЮНИСЕФ вирустан коргоочу каражаттарды беришкен.

Булак: NazarNews.org

Последние новости