www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 10-май күнү, Баткен районунун Көк-Таш айылынын Төрт көчө участкасында Баткен жана Согду облустарынын өкүлдөрү жолукту. Алар Кыргызстан менен Тажикстандын тактала элек аймактарында курулуш иштерин жүргүзбөө, жер айдап эгин эгүү сыяктуу жумуштарды убактылуу токтотуп турууну макулдашты. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердикулова ЖМКларга билдирди.

Маалыматка ылайык, чыр-чатактардын алдын алуу максатында уюштурулган жолугушууга өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов, Баткен районунун акими жана облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышкан.

Тажикстан тараптан Согду облусунун аткаруу бийлигинин төрагасынын биринчи орун басары Анвар Яъкуби, Исфара райадминистрация башчысы жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери келген.

Тараптар чек аралаш аймакта чыр-чатактын алдын алуу, пикир келишпестиктерге жол бербөө, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча сүйлөшкөн.

Анда чек аралаш аймакта жашаган элдин коопсуздугун сактоо маселеси коюлган. Коронавирус илдетинин жайылып кетүү коркунучун алдын алуу үчүн эл көп жашаган айылдарда милиция кызматкерлеринин жөө кайгуул күзөтүн күчөтүүнү макулдашкан.

Ал эми буга чейинки кол коюлган макулдашууларга ылайык, кыргыз-тажик чек арасынын тактала элек аймактарында курулуш иштерин жүргүзбөө, жер айдап эгин эгүү сыяктуу жумуштарды убактылуу токтотуп туруу чечимине келишти.

Вице-премьер Акрам Мадумаров жана Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, полковник Уларбек Шаршеев Тажикстан менен чектеш аймактагы ок атышуудан жаракат алган жоокерлерден кабар алды.

Булак: NazarNews.org

Последние новости