www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев АКШнын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Алан Мельцерди жана АКШнын Кыргызстандагы миссиясынын башчысынын орун басары Соната Култерди кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Анын айтымында, тараптар эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелердин кеңири талкуулашты.
Руслан Казакбаев америкалыктарга казак тарап менен Ооганстандан 15 кыргызстандыкты коопсуз көчүрүү көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Ал ошондой эле Сирия менен Ирактагы кыргызстандык балдарды жана аялдарды биргелешип эвакуациялоо мүмкүнчүлүктөрүн издөө маселесине токтолду.
Америкалык тарап кыргыз тараптын Ооганстандын жарандарына студенттик виза берүү чечимин оң баалады жана АКШнын ушул этапта Бишкекте Борбордук Азиядагы Америка университетинде 150гө чейин ооган студенттерин каржылоого даярдыгын жарыялады.
Эске салсак, Талибан кыймылы Ооганстанда убактылуу өкмөт курганын кабарлаган. 10 күндөн ашуун шаар борборлоруна чабуул жасап, 31 провинцияны басып алган талибдер акыры борбор Кабулга кирип, президенттик сарайды көзөмөлгө алышкан. Жыйынтыгында качуу үчүн жан талашкан оогандыктар АКШ жөнөткөн учакка да толуп, (640 киши) жармашып алган айрымдары учуп бара жаткан учактан кулап түшүшкөн.
Булак: NazarNews.kg