www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Урматтуу Садыр Нургожоевич! Жумурай журт арасынан чыккан ар-намыскөй чебер таланттардын эмгектери эбегейсиз Рухазык, Жаназык, Күлазыктары эл арасында жашап келет! Алардын бири, кыргыз калкына гана эмес, чет элдерге да таанымал, белгилүү сүрөтчү Асан Турсункулов! Анын эмгектери, таарыхый улук инсандардын портреттери Нарын шаарындагы Музейде сакталууда!
Асандын жараткан сүрөттөрүндө, порттреттен сырткары философиялык ой чабыттары аркылуу Бабалар доорундагы касиетке ширелген элестер камтылган! Сүрөтчү Асан - көп кырдуу жана көп сырдуу кайталангыс чебер талант! Ал атайын Манастын киндик кан тамган мекени Алтайдагы кыргыз кандуу, кыргыз жандуу элдерди дагы чыгармаларына чагылдырган. Асандын көргөзмөлөрү чет өлкөлөрдө кызыгууларды жараткан! Чебер сүрөтчү өзүнүн гана ыкмасы аркылуу өзгөчө ойчул улутман! А түгүл, орошон ойчул, өзгөчө акын! Чыныгы чыгаан мекенчил атуул! Андыктан, Асандын жараткан эбегейсиз эмгектери үчүн мамлекет тарабынан наам берилиши абзел!
Турсункулов өз ыктыяры менен убакытын, ден-соолугун жана каражатын коротуп жүзгө жакын ыңкылаптарда курман болгон Баатырлардын элестерин тартып, музейге бекер өткөзүп бергени эмне деген эрдик жана айкөлдүк! Анын жаратып калтырган эмгектери эч качан акча менен бааланбайт. Тилекке каршы, бул жагын мамлекет башчылары билишпегени абдан өкүнүчтүү.
Урматтуу Садыр Нургожоевич! Биз "Элдик кеңеш" үч муунду бириктирген коомдук уюм, учурунда, атайын штаб түзүп, күзгү президенттик шайлоодо сиз үчүн үгүт иштерин жүргүзгөнбүз, анын арасында белгилүү чыгармачыл чагаандар дагы бар! Бул жагын штабдын начальниги - Канатбек Тургунбеков менен Галина Байтерек абдан жакшы билишет.
Урматтуу Садыр мырза! Быйыл Асан Турсункулов 60 жылдык мааракесине карата ага "Кыргыз эл сүрөтчүсү" деген наамды ыйгарыңыз! Керек болсо, "Манас" орденин төшүнө өз колуңуз менен тагыңыз! Эң негизгиси Асанга жигердүү иштеш үчүн өздүк өнөркана уюштуруп берүүңүздү суранабыз!
Мелис Арып-Бек, эркин журналист, публицист, 19.08.2021-жыл, Бишкек
Булак: NazarNews.kg