www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биз жаратылышка эле эмес, өзүбүзгө да зыян келтирип жатабыз. Мындай пикири менен Өзбекстандын экс-президенти Ислам Каримовдун кичүү кызы Лола Тиллаева Facebook барачасына бөлүштү.
"Жыл сайын биздин океандарыбызга жана дарыяларыбызга төрт жүз миллион тонна оор металлдар жана уулуу калдыктар төгүлөт. Суунун пластмассадан булганышы 1980-жылдан бери болжол менен 10 эсеге көбөйгөн.
Жээк экосистемасын булгаган жер семирткичтер биздин океандарыбызда төрт жүздөн ашуун "өлүк зоналарды" жараткан, алардын жалпы аянтын алып карасак, Улуу Британиянын аянтынан дагы ашып түшөт.
Бул биздин планета жана бул биздин үй. Бизди курчап турган дүйнөнү тереңирээк түшүнүшүп анан гана анын көйгөйүн чечүүнү ойлношубуз керек. Бизди курчап турган эң кооз табигатыбызды унутуп шаар жергесинде жашап жаратылыштан аябай алыстап калдык. Жаратылышка болгон мындай жоопкерчиликсиздик сезимибизден арылышыбыз керек.
Адам менен жаратылыш абдан тыгыз байланышта жана бири-биринен көз каранды. Биз бул байланышты үзүүгө аракет кылганыбызда, биз жаратылышка эле эмес, өзүбүзгө да зыян келтирген болобуз", - деп билдирген Лола Тиллаева.
Булак: NazarNews.kg