www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Джо Байдендин администрациясы куралдуу күчтөрүн Афганистандан чыгарып жатканына байланыштуу бул өлкөнүн америкалыктарга жардам берген тогуз миңдей жаранына баш калкалоо берүүнү Борбор Азия өлкөлөрүнөн суранып жатат. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, Вашингтон өз жардамчыларын Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан мамлекеттерине жайгаштырууну көздөп жатат. Афганистан жарандары башка өлкөлөрдө АКШ аскерлери чыгып кеткенге чейин, тагыраагы, 11-сентябрга чейин туруп турушу керек.

Буга чейин New York Times АКШнын Ак үйдөгү ишенимдүү маалымат булагына таянып Америка өз жоокерлерин Афганистандан алып чыгып кеткенге чейин алар менен кызматташкан жергиликтүү жарандарды башка өлкөгө чыгарып турарын жазган. Мунун негизги себеби — АКШлыктар менен кызматташкан жергиликтүүлөрдү талибандардан коргоо экени айтылган.

Ошол эле учурда кийин бул адамдарга АКШ визасы берилет деген кепилдик жок экенин жазгандар бар.

Эске салсак, АКШ Афганистандан аскерлерин быйылкы жылдын 11-сентябрына чейин чыгарып кетет.

"Талибан" — бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюм

Булак: NazarNews.kg

Последние новости