www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда президент Жо Байден Борбордук чалгындоо кызматынын жетекчилигине мурда Орусияда элчи болуп иштеген дипломат Уильям Бернстин талапкерлигин койду.

Ал 24-февралда Сенатта сөз сүйлөп, Кытай менен Орусия Кошмо Штаттар үчүн "ири геосаясий сынак" экенин билдирди.

Бернс Кытайды "олуттуу авторитардык атаандаш" деп атам, Кытай бийлиги өз атуулдарынын интеллектуалдык менчигине кол салып, репрессиялап, аймагын кеңейтүү менен АКШга карата таасирин арттырып жатат деди.

Ошентсе да Бээжин менен климаттын өзгөрүүсү, өзөктүк куралданууну жайылтпоо жаатында кызматташууга мүмкүн экенин айтты.

Орусияны кубаттуу, талкалоочу күч катары сүрөттөп, бирок дүйнөлүк держава катары алы кетип бара жатканын белгиледи.

"Владимир Путин бийликте турганда катуу атаандаш, ал тургай душман катары болобуз, кызматташуу чектелүү гана чөйрөдө ишке ашышы мүмкүн", - деди Бернс.

64 жаштагы Бернс - Борбордук чалгындоо кызматынын жетекчилигине көрсөтүлгөн биринчи дипломат. Сенат аны мурда Иордания менен Орусияга беш ирет элчи кылып дайындаган.

Мамлекеттик департаменттин жогорку кызматтарында иштеген.

2015-жылы Барак Обаманын бийлиги тушунда Иран менен өзөктүк куралдануу жаатындагы жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн дипломат катары таанымал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости