www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Далы менен кыргызча төлгө тарткан, белгилүү төлгөчү, коомдук ишмер, Раим Матраимовду колдоо митингдеринин Башкы оратору Кайып Шер менен маек.

- Ким бийликке келсе чөгөлөп, жүгүнүп бергендер бар. Сен убагында Атамбаевдик бийлик жалаа жаап каматкан Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов, Ахматбек Келдибеков, Бекболот Талгарбеков, Карганбек Самаков сыяктуу көптөгөн «Абийир туткундарын» колдоп жүрүп, Атамбаевге жек көрүндүң. Эми да Райымбек Матраимовду колдоп, митингдердин башында сенин коңур добушуң жаңырып жатат. Райымбек Матраимовду колдоп жатканыңдын себеби эмнеде?

- Азыркы бийлик башындагы Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытовдорду, кыргыздын эң жүрөктүү жигиттери, келечек үчүн күрөшүшкөн Ахматбек Келдибеков, Бекболот Талгарбеков, Карганбек Самаков сыяктуу көптөгөн адамдарды Атамбаевдик бийлик камаганда, колдогонубуз чындык. Калем сабыңды көтөрүп алып, сен деле жүрчүсүң. Бүгүн урматтуу Садыр Нургожоевичтин заманында коопсуздук органдардын «чыт курсактардын» айгагына кирип Райымбек Матраимовду камаганы туура эмес. Муну камалып, көптү көргөн Садыр Жапаров жасаган жок. Таразалап көрүш керек. Матраимов Шадиевке окшоп жер түбүнө кире качкан жок. Качса качып деле кетмек. Коронавирус күчөп турган маалда Матраимов «Исмаил-Ата» фондунун негизинде Кыргызстандын баардык аймагына гуманитардык жардамдарды бергени жалганбы? Матраимовдон бай Шадиевди алалы, кимге бир тыйын жардам берди, өз көлөкөсүнөн өзү качып, жашынып жатат.

- 2020-жылдын 20-октябрында Башкы прокуратура менен РаицымбекМатраимовдун ортосунда кызматташуу боюнча келишим түзүлгөн, бул Биринчи май райондук соту тарабынан бекитилген. Кылмыш процессуалдык кодексинин 496 беренесинин негизинде кызматташтык боюнча түзүлгөн келишимдин шарттарын айыпталуучу толугу менен аткарган соң, айыпкерге жаза берүү үчүн өкүм чыгарылат, бул жерде кызматташкандык эске алынат. Кызматташуунун негизинде Райымбек Матраимов тарабынан 2 000 009 635 сом, 12 000 000 жана 8 000 000 сом төлөнүп берилген. Кызматташуу тууралуу келишимде түзүлгөн шарттар боюнча Матраимов тарабынан бардык шарттар сакталды, анда эмнеге аны камап коюшту?

- Элдин азыркы күндөгү абалын көрүп, мамлекеттик бюджетке пайда түшүрүш үчүн Башкы прокуратура менен мыйзамдын негизинде келишим түзүп, 2 миллиард сомду бюджетке төлөп берди. Ошол үчүн Райымбек Матраимовду үлгү тутуп президент Садыр Жапаров өзүнө кеңешчи кылып алыш керек. Азыр Кыргызстанда Орусия, Кытай, арабдар жана Батыштын инвестициялары чоң күч болуп турат. Райымбек Матраимовдун Орусия, Кытайда таасири бар, арабдар менен да жакшы мамиле күтүп, инвестициясын тартууга мүмкүнчүлүгү бар. Батыш, айрыкча АКШ өзүнүн «кол алдындагы» «Азаттык» үн алгысынын бузуку сөзүн угуп, Райымбек Матраимовго көңүл бурбай жаткандай. Эгер «Азаттык» жамандабаса Батыш менен деле жакшы тил таап кетмек. «Азаттык» тараптан каралоону, он миллиардаган долларды ашап коюп, жамандыкты өзүнөн оолактаткысы келип турган Атамбаев жасап жаткандай. Ал Путинди жалмап бүткөн, эми АКШнын акча ресурстарын пайдаланып алгысы келип, мурун Бакиевди «бөө» деп келсе, эми элдин көңүлүн буруш үчүн Раим Матраимовго асылып жатат? «Чыт курсактарды» акчага сатып алып, тукуруп жатат.

 - Кылмыш-Жаза кодексинин 319 беренесинде жаза дайындоо мыйзам чегинде болот деп жазылган. Кылмыш процессуалдык кодексинин 496 беренесинин 2 пунктунда кызматташтык боюнча түзүлгөн келишимдин шарттарын айыпталуучу толугу менен аткарганын мамлекеттик айыптоочулар тастыктайт деп турат. Мыйзамдуу тастыкталган соң кызматташтык боюнча түзүлгөн келишимдин шарттарынын негизинде камалбай эле 5 категорияда айып төлөш керек эле.

- Мыйзамды эмес «Чыт курсактардын» кыйкырыгын уккандар ушуга барып жатат. Алардын дооматы жалган. Азыр бизге стабилдүүлүк керек, жаңы бийликти колдон-буттан алып мамлекетибизди өнүктүрүүбүз зарыл. Мына канчалаган адамдар Рйымбек Матраимовду колдоп, ага боштондук тилеп чыгып жатат. Эгер ушундай жолго түшсөк күзүндө айтылган «экономикалык амнистия» тууралуу айтылган сөздөр жалгандыкка чыгып калабы? Мыйзам боюнча да Матраимов туура иштерди жасаган, ал эми Садыр Нургожоевич: «Түрмөнү толтуруп кереги не, андан көрө акчаларды төлөп бергени жакшы эмеспи» -деп күзүндө айтканы бар. Эгер бюджетке акча төлөгөндөрдү камап жатса, эртең акча ким төлөйт?

- Али Токтакунов балга конгон аарыдай болуп бир гана Матраимовго жабышып алды. Анын өз оюу барбы же артынан шыкактаган шыкакчылары барбы?

- Ал иштеген «Азаттык» үн алгысы Американын Конгресси тарабынан каржыланат. Андан тышкары Фарид Ниязов аркылуу Атамбаев Венера Сагындык кызы менен байланышта. Президент кезде баалуу квартира баш болгон, көптөгөн белектерди бергени айтылат. Венера Сагындык кызына иш керек, Атамбаев каршы чыккан Райымбек Матраимовду АКШ алдында «сындырып» берүү анын милдети. Али Токтакунов жөн эле фигура.

- Али Токтакунов менен Улан Эгизбаев тууралуу эл арасында аралап жүргөн сөздүн чындык төгүнү барбы?

- «Тегин жерден сөз чыкмак беле»? Эл бекер жерден айтпайт. Али Токтакуновдун амбициясы чоң, коррупцияга каршы белсенип киришкен Улан Эгизбаев бар болсо, Али Токтакунов талаада текей терип жүрмөк. Улан Эгизбаев көлдө балыктай сүзчү, кимдир-бирөөлөр көл алдында скафандр кийип алып,анын чөгүшүнө жардам бербесе, ал чөкмөк эмес. Али Токтакунов ушундай ишке барган деген да версия бар.

Маектешкен: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости