www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Садыр Жапаров президенттик ишине киришери менен Кумтөр маселесин катуу баштап, эл үмүтүн актайт го» деп турсак, ал ортодо, беш жыл бою бул маселе боюнча ооз ачканга жарабаган Жогорку Кеңештин «чимкирик» депутаттары өткөн жумада чоочугансып, демилгени колго алышты. Кумтөр боюнча «Центерра Голд инк» компаниясын текшеришет экен.

Эл арасында 6-чакырылыштын депутаттарына нааразычылык өтө жогору, ишенбөөчүлүк андан бетер. Себеби, булар «Лысый» жана Давыдов мөңгүлөрүн талкалоону мыйзамдаштырып, уруксаатын берип коюшкан. Эми ошол «чимкириктер» 12 кишиден турган комиссия түзүшүп, текшермей болуп жатышат. Ушундан кийин кантип кыргыз элинин жана мамлекетинин кызыкчылыгын көздөп, маселени чечип беришээрине ишенебиз? Түзүлгөн комиссиянын курамында экологияны жана тоо-кен тармагын жарытылуу билген адистер жок. Ошон үчүн президент Садыр Жапаров «Кумтөр боюнча ишти аягына чыгарып, чекит коём» деп кызыкдар болсо, анда «чимкириктер» түзгөн комиссияга кошуп, өзүнүн указы менен күчтүү эколог Динара Кутманованы, Кумтөр боюнча башынан коңгуроо кагып келе жаткан Жогорку Кеңештин мурунку вице-спикери Кубанычбек Исабековду, журналист-эксперт Айданбек Акмат уулун жана тоо-кен тармагын мыкты билген мекенчил дагы эки адамды кошсо абдан туура болот эле. Мына ошондо эл ишенимине ээ болгон компетенттүү комиссия түзүлдү деп ишенсек болот.

Булак: Азия News гезити

Последние новости