www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Федерациясындагы Кыргызстандын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп Гүлнара-Клара Самат дайындалды. Башта бул айым Клара Кабилова эле. Артыңдагы чуулгандардан улам аты-жөнүн өзгөртүүгө аргасыздыгын карабайсыңарбы? Курманбек Бакиевдин режиминде БШКны жетектей калып, ызы-чуу менен кызматтан кеткен, Бир топ «былыктарынын» айынан Кыргызстандан чыгып качканы эсиңердеби? Жөн жүргөн адам безмек беле? Бир топ жыл сыртта жүрүп, кийинки кездери «Ата Мекен» партиясы аркылуу депутат болуп, көп өтпөй «Мекенчилге» өтүп, саясатта туруксуздугун көрсөткөн. Айрым кептерге караганда, Гүлнара-Клара Самат сырткы күчтөргө кызмат кылары, алардын атайын кызматтары менен иштешип келгени чынбы? Ошондой «байланыштарынын» артынан элчиликке секирдиби? Ансыз да тышкы саясатыбыздын телчиге албай жатканын эске алсак, эми Гүлнара-Клара Саматтын маанилүү кызматка барышы менен таш-талканы чыгабы? Мындай жүрүш көпкө узатпайт го?..

Булак: Азия News гезити

 

Последние новости