www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СССРдин эл артисти Токтоналы Сейталиев көз жумду

СССРдин жана Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, атактуу опера ырчысы Токтоналы Сейталиев 84 жашында көз жумду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Токтоналы Сейталиев 1937-жылы Панфилов районунун Жайылма айылында туулган.

1956-жылы А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын алдындагы хордук-вокалдык студияны аяктаган. Алгачкы эмгек жолу 1957-жылы А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында иштөө менен башталган.

1969-жылы Алматыдагы Курмангазы атындагы Казак мамлекеттик консерваториясын бүткөн. Консерваторияда окуу менен бирге Казакстан телерадио компаниясынын алдындагы Камералык оркестрдин солисти болуп иштеген.

1969-жылы кайрадан А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрына кайтып келип, 2013-жылга чейин ушул жайда эмгектенген. 1971-жылы театрдагы иши менен айкалыштырып, М. Күрөңкеев атындагы Фрунзе музыкалык-хореографиялык окуу жайында, кийинчерээк Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда, 1995-жылдан тартып Кыргыз улуттук консерваториясында сабак берген.

Өнөрдүн арты менен СССР өлкөлөрүнөн тышкары 18 мамлекетке концертин берген. Опера ырчысы катары  «Мефистофелде» жана «Фаустта» Фаусттун, «Айчүрөктө» Күлчоронун, Акункандын, «Токтогулда» Керимбайдын, «Травиатада» Алфреддин, «Дон Карлосто» Дон Карлостун, «Алтын кызда» Кузнецовдун жана башка ушул сыяктуу музыкалык спектаклдерде көптөгөн каармандардын арияларын аткарган.

Токтоналы Сейталиевдин аткаруусунда Атай Огомбаевдин «Гүл», Калый Молдобасановдун «Селкиге», Түгөлбай Казаковдун «Элегия», Мукаш Абдраевдин «Жалыныңа күйгөмүн» жана башка обончу-композиторлордун ырлары жаздырылып алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости