www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Женгиз Фыратты анын өлкөдөгү дипломатиялык миссиясы аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөт башчы Элчиге өлкөдөгү жемиштүү иши, ошондой эле Түркия Өкмөтүнө коронавирус инфекциясына каршы күрөштө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушууда тараптар соода, тоо-кен өндүрүшү, транспорт, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана спорт тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкка тийиштүү, ошондой эле Кыргыз Республикасында өтүүчү Кыргыз-Түрк соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын кеңешин жана бизнес-форумду өткөрүү боюнча маселелерди талкуулады.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башчысы элчини өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аякташы менен куттуктап, ишине ийгликтерди каалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости