www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бизди тепкиге алып жаткандар бүгүнкү күндө башын мыкчып өкүнүп отурат. Мындай пикирди саясатчы Жеңиш Молдокматов NazarNews маалымат агенттигине кечээ, 24-февралда маек берип жатып билдирди.

--“5-октябрдан кийин окуя башкача нукка бурулду. Жыйынтык ушуга алып келди. Президенттик шайлоо өттү, президеттик шайлоо менен  бирге референдум жарыяланды. Президенттик башкаруу формасы тандалып алынды. Конституциянын жаңы долбоору парламенттин талкуусуна кирди. Биз ошондуктан каршы чыкканбыз. Себеби, “азыркы бийлик саясий реформаны жүргүзө албайт, учурда туура эмес багыт менен кетип бара жатабыз. Укуктук талаадан чыгып кеттик. Азыркы иштеп жаткан мыйзамдардын алкагында, баардыгын эл аралык нормаларды, мамлекеттин ичиндеги укуктук нормаларды сактоо менен  иш жүргүзүшүбүз керек” деген оюбуз өткөн жок. Биздин айткандарыбызга каршы чыгып, тепкиге алгандар азыр башын мыкчып өкүнүп отурушат. “Чынында ошондой эле болуп бара жатат” деп айтышууда. Азыр дагы кошумчалай кетсем, “саясий реформа кылабыз, конституцияны кабыл алабыз” деп шаштырып жатышат. Бул өткөндөн кийин Кыргызстанда чоң трагедиялар күтүп турат”, - дейт саясатчы.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости