www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык чалгын кызматтары философ Александр Дугиндин кызы Дарьяны өлтүрүүгө украин өкмөтүнүн айрым мүчөлөрү уруксат берген деп эсептейт. Бул тууралуу «Нью-Йорк Таймс» АКШ администрациясындагы булактарына таянып жазды.

Басылманын маектештери Вашингтон Дарья Дугинаны өлтүрүүнү даярдоого эч кандай катышпаганын, анын ичинде Киевге чалгындоо маалыматын бербегенин ырасташууда. Анын үстүнө бул операция тууралуу америкалык аткаминерлер да алдын ала билишкен эмес, эгер билсе каршы болмок, деп кошумчалашты булактар.

Джо Байдендин администрациясы мындай чабуулдар өтө символикалуу болгону менен согуштук аракеттерге түздөн-түз таасирин тийгизбейт жана орус аскерлерин украиналык жогорку даражалуу аткаминерлерге жооп кайтарууга шыктандырышы мүмкүн деп кооптонууда, деп билдирет NYT.

Гезит булактары Дугинанын өлтүрүлүшүнөн кийин АКШ украин өкмөтүнө нааразычылыгын билдиргенин кабарлады.

Киевде алар Дугинанын өлүмүнө тиешеси жок экенин бир нече жолу четке кагышкан. Бул тууралуу Владимир Зеленский да белгиледи.

Украинанын Президентинин Аппаратынын жетекчисинин кеңешчиси Михаил Подоляк The New York Times гезитине берген маегинде: «Тигил же бул өлкөдө согуш учурунда жасалган ар кандай адам өлтүрүү кандайдыр бир практикалык мааниге ээ болушу керек. Ал конкреттүү тактикалык же стратегиялык максатты аткарууга тийиш. Дугиндер сыяктуу адамдар Украина үчүн тактикалык же стратегиялык бута эмес. Биздин Украинанын аймагында башка буталарыбыз бар, мен өнөктөштөрдү жана орус командачылыгынын өкүлдөрүн айтып жатам, бул биздин чалгындоо үчүн бул багытта пайдалуу болушу мүмкүн, бирок бул, албетте, Дугина эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости