www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Атыр Абдрахматованын отставкага кетишине комментарий берди.

Элчилик анын отставкасы боюнча добуш берүүнүн жүрүшү кыргыз өкмөтүнүн ачык-айкындуулук жана отчеттуулук принциптерине берилгендигине тынчсызданууну жаратаарын белгиледи.

"Акыйкатчы институту мыйзамдын үстөмдүгүн сактоодо жана ак ниет мамлекеттик башкарууга көмөк көрсөтүүдө маанилүү ролду ойнойт. Жогорку Кеңеште Атыр Абдрахматованын Кыргыз Республикасындагы адам укуктарынын жана эркиндиктеринин абалы боюнча баяндамасынан кийин кызматтан алуу боюнча добуш берүү өкмөттүн ачык-айкындуулукка умтулуусуна тынчсызданууну жаратат. Ал эми Кыргыз Республикасынын Адам укуктары боюнча кеңешке мүчөлүгүнө туура келбейт”, - деп жазылган дипломатиялык өкүлчүлүктүн Твиттердеги расмий баракчасында.

Эске салсак,кечээ, 3-майда Жогорку Кеңештин депуттары Атыр Абдрахматованыны кызматынан мурда бошотуу сунушуна макулдугун берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости