www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия президенти Владимир Путиндин Кремлдеги резиденциясына дрон менен кол салуу аракети болгону кабарланган. Мындан улам Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапары токтотулушу мүмкүнбү деген суроо жаралып, буга президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жооп бергенин РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, Жапаровдун 9-май майрамына карата Москвага сапары токтотулушу мүмкүнбү деген суроого Султанбаев терс жооп берген.

Садыр Жапаровдун Москвага иш сапарынын алкагында 9-май күнү Жеңиш парадына катышары айтылган.

Эске салсак, 3-майда Кремлдин басма сөз кызматы орус президенти Владимир Путиндин резиденциясына пилотсуз учактар ​​менен кол салуу аракети болгонун билдирген. Украинада бул окуяга тиешеси жок деп, бул окуяны Орусия Федерациясы тарабынан жасалган провокация деп аташкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости