www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Саманканадан саман учту десе, Самарканд өрттөнүптүр" - деп айтылгандай Кыргызстандагы АКШнын элчилиги Кыргызстандагы өз жарандарына төмөндөгүдөй билдирүү таратты.
Билдирүүдө: "Чүй облусундагы Көк - Жар суу сактагычына, Чоң - Таш жана Атамбаевдин үйү орун алган Кой-Таш айылына жакын жерлерге барып, эс албай тургула. Кыргыз ЖМКлары парламент Атамбаевдин кол тийбестигин алгандан кийин, ал митинг кылууга даярдык көрүүдө. Эл көп чогулууда. Баш - аламандык болуп кетпесин" - деген мааниде жазылган. Эмнеси болсо да, чет мамлекеттер Кыргызстанда дагы эмне саясый окуя болуп кетет деп кулак түрүп калышты. АКШ болсо баарынан мурун атты минип, алдыга чапты. Деги эле дүйнөдө алсыз мамлекеттердин ички саясатына кийгилишүү жагынан АКШ, Россия, Кытай, Түркия дегендер бири-бирине атаандашып турушат. Жолуң болгурлар десе...
Булак: Багыт.kg