www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көлбаев катуу иштеп жатыптыр

Аламүдүн районундагы Аламүдүн айыл өкмөтүн узак жылдардан бери башкарып келаткан Найзабек Көлбаев, орун басары Алмаз Кариев экөө өзүнүн аймагында чечилбей жаткан көйгөйлөрдү, "оптом" чечип, катуу иштеп жатышыптыр. Бул тууралуу айрым гезиттерге чыккан айыл өкмөттүн маегинен улам билсе болот.

Кыскасы, өзү башкарып жаткан аймактагы бир топ көйгөйлөр катары менен "чечилип" келатыптыр. Ылайым эле ошондой болсун дейли. Бирок ал ортодо айыл өкмөттүн мыйзам чегинде бүтүрбөй жаткан иштерин айткан адамдар да бизге кайрылып жатышат. Көлбаев элди ойлогон эр азамат болсо, өзү убада берил, колун койгон документи бар маселени эркекче бүтүрүп коёр деген үмүттөбүз. Кантсе да, биз акыры укуктук мамлекетте жашап жатпайбызбы. Кандай болгон учурда да бир да адамдын укугу тебеленбеши керек.

Чынында Найзабек мырза, "жигиттин сөзү өлгөнчө, өзү өлсүн" - деген намыскөйлөрдөн болсо керек. Башка кеп - сөздөрдү кетирбей, байкай туралычы.

Булак: Багыт.kg

Последние новости