www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизди

АКШ бийлиги демонстранттарды куугунтукка алганы үчүн ирандык аткаминерлерге санкция киргизди. Бул тууралуу DW басылмасы жазды.

Ирандын адеп-ахлак полициясынын айтымында, хиджабды туура эмес кийген 22 жаштагы Махса Аминин өлүмүнө байланыштуу Иранда бир нече аптадан бери массалык баш аламандыктар уланууда. Тегеран демонстранттарды куугунтуктап, натыйжада көп сандаган адам набыт болуп, интернетке кирүү чектелди.

АКШнын Каржы министринин орун басары Брайан Нельсон билдирүүсүндө: "Кошмо Штаттар Иран өкмөтүнүн интернетти өчүрүүсүн жана тынч демонстрацияларды күч менен басууну айыптайт жана мындай аракеттерди жетектеп, колдогондорду бутага алуудан тартынбайт" деди.

Санкциялангандардын арасында Ирандын ички иштер министри Ахмад Вахиди жана байланыш министри Эйса Зарепур жана башка беш расмий адам бар.

Өткөн айда АКШ Ирандын адеп-ахлак полициясына аялдарга карата катаал мамиле жасаган деген айып менен санкция салган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости