www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Астана шаарынын райондор аралык атайын соту Казакстандын Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Марат Шайхутдиновду “мамлекеттик сырды жайылтууга” айыптуу деп таап, 7 жылга кести. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети кабарлады.

Өлкөнүн атайын кызматы “мамлекеттик сырды ачыкка чыгарып жиберүү фактылары”, “тыңчылык” жана “мамлекеттик чыккынчылык” беренелери боюнча козголгон кылмыш иштери иликтенип бүткөнүн жарыялады.

Ушул эле иштердин алкагында дагы эки киши – Леонид Скаковский 11 жыл 3 айга жана Олег Ждан 11 жылга эркинен ажыратылды.

Улуттук коопсуздук комитетинин маалыматында тыңчылык, чыккынчылык жана мамлекеттик сырларды жарыялоо кайсы мамлекеттин пайдасына болгону айтылган эмес.

63 жаштагы Марат Шайхутдинов 2009-жылдан бери Казакстандын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп иштеген. 2015-жылдан биринчи орун басары болуп турган.

2018-жылдан кийин ал бул кызматта милдет аткаруучу катары калган жана Казакстандын ошол учурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин жардамчысы болуп келген. 2019-жылы Назарбаев президенттиктен кетип, ордуна Касым-Жомарт Токаев мамлекет башчы катары шайланган.

Шайхутдинов 2017-жылы ошол учурдагы парламент төрагасы Касым-Жомарт Токаев менен чогуу Орусиянын президенти Владимир Путинден — "Достук" орденин алган. Бул аларга Орусия менен Казакстандын элдеринин кызматташтыгын жана достугун бекемдөөгө кошкон салымы үчүн ыйгарылган. 

Последние новости