www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын атайын комитети Капитолийге кол салуу боюнча иликтөөсүнүн докладын жарыялады.

2021-жылдын 6-январында мурдагы президент Дональд Трамптын тарапташтары конгрессмендер отурган имаратка кирип барышкан. Доклад авторлору ал күнү тоз-тополоң үчүн негизги жоопкерчиликти Трампка жүктөштү жана аны кылмыш жообуна тартуу керек деген пикирин айтышты.

Бул тууралуу “Америка добушу" радиосу кабарлады.

Докладда атылгандай, бир нече адамдын өмүрүн алган башаламандыктын себеби бир киши – экс-президент Трамп болгон, башкалар аны ээрчиген. “Ал болбосо, 6-январь окуясы болбойт эле”, - деп эсептешет комитет мүчөлөрү.

Алар федералдык прокурордон Трампка төрт кылмыш, арасында кутум, Конгресстин ишине тоскоолдук түзүүгө байланыштуу айып тагууну өтүнүштү. Авторлор муну менен 2020-жылкы шайлоонун жыйынтыгын кайра карап чыгартууну, бийликте калууну көздөгөн дешет.

АКШ тарыхында биринчи жолу атайын комитет мурдагы президенттин үстүнөн кылмыш ишинин алкагында иликтөө баштоо кеңешин берүүдө. Ошол эле маалда Конгресстин сунушун Юстиция министрлигин сөзсүз чара көрүүгө милдеттендирбейт.

Трамп жана тарапкерлери комитеттин корутундусун сындашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости