www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иммунитетти кантип көтөрүү керек?

“Бул же тигил таблетка иммунитетти сөзсүз чыңайт, оңойт” деп далилденген бир дагы изилдөөлөр жок. Ошондой болсо да сергек жашоо иммунитеттин жакшы абалда болушуна таасири чоң экендигин көрсөтөт. Сергек жашоо деген эмне? Анда эмесе анын айрым эрежелерине токтоло кетели:

1. Тамеки тарпа

Тамеки тарткан адамдын оозунда иммундук системаны талкалай турган уулануунун эң коркунучтуу булагын жаратат.

2. Ичкилик ичпе (жок дегенде ченеми менен ич)

Көп сандаган изилдөөлөр көрсөткөндөй, алкоголь шишикке каршы иммунитетти басаңдатып, жоон ичеги менен боордун рак оорусуна чалдыгуусуна себепкер болот.

3. Жашылча-жемиштерди көп жегиле

Эгерде ичкиликти, тамекини таштасаңыз, эми жашылчажемиштерди көп жеңиз. Болгону, бул жемиштердин өзүн гана жей бербестен, күнүмдүк жеп жүргөн тамагыбызга, этке аралаштырып жегенибиз оң.

4. Уктоо Иммунитетти көтөрүүнүн эң мыкты, сыналган ыкмасы – бул уйкуну кандыра уктоо.

Эгерде тамагыңыз тез-тез ооруса, мурдуңуз куюлуп жүрсө, демек, өз убагында уктабайсыз.

5. Спортко катышкыла

Спорт дароо бир нече багытта жардам берет. Биринчиден, спортчулар чынында эле аз оорушат, экинчиден, спортко катышкандар режимди, анын ичинде уйку режимин туура сакташат, үчүнчүдөн, семиртпейт.

6. Салмагыңарды нормадан ашырбагыла

Ашыкча салмак иммунитетке көрүнбөгөн, бирок сезилерлик сокку уруп турат. Ресурстар сырткы күчтөр менен кармашканы аз келгенсип, организмдин өзү менен да күрөшкөнгө мажбур.

7. Сабырдуу бол

Кантип сабыр кылып, мээңерди сактап калуу жөнүндө интернеттен толгон-токой кеңештерди тапсаңыз болот. Ошондуктан ачууңуз келе баштаса, жаңы материалдардын бирин окуп тынчтаныңыз жана иммунитетти сактап калдым деп коюңуз.

8. Инфекция жуктуруп алгандан сак болуңуз

Бул иммунитетти көтөрбөсө да, аны сактап калганга жардам кылат. Мисалы, гриппке каршы эмдөө алуу, колду самындап жууп, бөлмөнү желдетүү, тишти убагында дарылатуу, сапаты күмөн санаткан тамак-ашты сатып албоо – мына ушул нерселерди так аткаруу эле бул максатка жетүүнүн эң жөнөкөй жолдору.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости